Эт саткан түйүндөрдүн ээсин өлтүрүүгө шектелип маркумдун жакын досу кармалды

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда милицияга 29 жаштагы аял кайрылып, жарандык никеде жашаган 40 жаштагы жолдошу үйдөн Toyota Highlander унаасы менен чыккан бойдон кайтып келбегинин айткан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектеги эт саткан түйүндөрдүн ээсин өлтүрүүгө шектелип эки жаран камакка алынды. Анын бирөө маркумдун досу болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда милицияга 29 жаштагы аял кайрылып, жарандык никеде жашаган 40 жаштагы жолдошу үйдөн Toyota Highlander унаасы менен чыккан бойдон кайтып келбегинин айткан. 

"Ошол эле күнү 102 кызматына Биринчи Май көчөсүнүн тургуну эки суткадан бери Toyota Highlander унаасы токтоп тургандыгын кабарлаган. Дарек боюнча жетип барган милиция кызматкерлери унаанын багажынан чүпүрөккө оролгон 40 жаштагы адамдын денесин табышкан", — деп айтылат маалыматта. 

Маркумдун Бишкек шаарында бир нече эт саткан түйүндөрү менен кафеси болгону аныкталган. 

"Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип маркумдун 45 жаштагы жакын досу Т.Т. жана буга чейин соттолгон М.Т. атуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп жазылат маалыматта. 

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0