Президент Атамбаевдин шылуун "тууганы" кармалды

Жазылуу
Алдамчылыкка шектелип жаткан жаран Бишкектин тургундарын ишке орноштурам деп алдап акча жасаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Өзүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин тууганы катары тааныштырып элди сызга отургузууга шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Нарын облусунун 45 жаштагы тургуну кечээ күнү Бишкектеги батиринен кармалган.

"Буга чейин милицияга 51 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2013-жылы белгисиз жаран өзүн президенттин жеке жардамчысы катары тааныштырып, жумушка орноштурууга сөз бергенин билдирген. Мындай кызматы үчүн ал аялдан жети миң доллар алып, ошону менен изин суутуп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Сто долларовые купюры в конверте - Sputnik Кыргызстан
АКШга жиберем деп бирөөнүн 6 миң долларын алып кеткен шылуун кармалды
Муну менен катар шектүү жаран аялдын бир тууган агасын Жалал-Абад облустук соттун төрагалыгына чейин жеткирем деп сөз берип 35 миң долларын алып кеткен. Ал эми Бишкектен батир алууга жардам берем деп дагы 13 500 долларын алган.

"Ушундай эле арыз менен Бишкектин дагы бир тургуну кайрылган. Ал өзүн Турус деп атаган жаран президенттин өкүл баласы катары тааныштырып, 2012-жылы унаа сатууга жардам көрсөтөм деп 6500 долларлык унаасын алган бойдон изин суутканын айткан. Мындан тышкары 2011-2012-жыл аралыгында 40500 долларды алдап кеткен", — деп ырасталат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран дагы ушундай төрт кылмышка шектелип ага карата дагы кылмыш ишин козгоо каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0