Нура айылына жакын жерде жер титиреди

© AP Photo / ELAINE THOMPSONСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Жердин силкинүүсү 16-октябрда саат 16:36да катталган.

Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 40 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн. Жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0