Ош: тапанча сатууга аракет кылган жаран кармалды

© flickr.com / David TrawinРевольвер. Архивное фото
Револьвер. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Навои эс алуу багында "Револьвер" үлгүсүндөгү ок атуучу тапанчаны сатууга аракет кылган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну ок атуучу тапанчаны сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош облусттук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Издөө" операциясын жүргүзгөн учурунда Ош шаарынын 27 жаштагы жараны кармалган. Ал Навои эс алуу багында "Револьвер" үлгүсүндөгү ок атуучу тапанчаны сатууга аракет кылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0