Ысык-Ата районундагы Киргшелкто үй күйүп, 70 жаштардагы кемпирдин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота пожарной службы в столице
Работа пожарной службы в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн эмне себептен чыкканы такталууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында турак үй толугу менен күйүп кетип, бир адам каза болгондугун ӨКМден билдиришти.

Анын ичинен 70-жаш чамасындагы кемпирдин сөөгү табылган. Маалыматтарда ал үй ээси деп айтылып жатат. Учурда өрттүн эмне себептен чыкканы такталууда.

Тилсиз жоо жалпысынан 80 чарчы метр жерге жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0