Таласта жааган кар электр зымдарын үзүп, бактарды кулатты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭлектросети в Новгородской области
Электросети в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, келтирилген ыңгайсыздыктарды жойгон.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Талас облусунда 14-октябрда калыңдыгы 15-20 сантиметр кар жаап, анын кесепетинен Манас жана Кара-Буура районундагы электр линиялары үзүлүп, жарыксыз калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Баласагындын кар алдындагы 1000 жылдыгы: пальточон аткаминерлер, кайыккан уздар - Sputnik Кыргызстан
Баласагындын кар алдындагы 1000 жылдыгы: пальточон аткаминерлер, кайыккан уздар
Электр зымдарын оңдоо үчүн Манас районуна 5 бригада, Кара-Буура районуна 8 бригада жиберилген. Анын жыйынтыгында 14-октябрда кечинде Манас районунда 60 пайыз, Кара-Буура районунда 80 пайыз электр энергиясы калыбына келтирилген.

Андан сырткары Талас районундагы Көк-Токой айылында үйдүн чатырына терек кулаган. Куткаруучулар келип теректи коопсуз жайга чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0