Жолдогу кишинин шакегин чече качкандар дароо кармалды

© flickr.com / Filippo SalamoneСвадебные кольца
Свадебные кольца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары Ысык-Көлдө туулган 29 жаштагы, Ош облусунда туулган 31 жаштагы кишилер болуп чыкты.

БИШКЕК. 15-окт. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринен отуз жаштарга чукул эки киши 40 жашар кишинин нике шакегин колунан чечип кеткендерди милиция изин суутпай кармады. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү менен шаардык Патрулдук милициянын кызматкерлери арыз түшкөндөн бир нече сааттан кийин таап чыккан. 

Бейбаштыкка шектелгендер Ысык-Көлдө туулган 29 жаштагы, Ош облусунда туулган 31 жаштагы кишилер болуп чыкты.

Аларды милиция тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0