Ошто төрт күн мурун сууга агып кеткен 66 жаштагы кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуткаруучу. Архивдик сүрөт
Куткаруучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү кечээ гана куткаруучулар тарабынан табылды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда төрт күн мурда сууга агып кеткен эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Дөбө айылынын 66 жаштагы жашоочусу 9-октябрда Отуз-Адыр каналына агып кеткен. 

Маркумдун сөөгү кечээ, 13-октябрда куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0