Үч адам кытай ишкерин карактап, үйүнөн 29 миң долларын алып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Тапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдүн бири кытайлык ишкер жетектеген мунай компаниясында иштей турганы белгилүү болду. Тергөө кармалган киши кылмышка багыт берген деп эсептөөдө.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы мунай компаниясынын бирин жетектеген кытайлык ишкерди карактоого шектелип КР жарандары кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү 20-25 жаштагы белгисиз адамдар ишкердин үйүнө барып, тапанча менен коркутуп, 27 миң доллар жана 150 миң сомун алып кетишкен. Акча аталган компаниянын ээсине таандык экени аныкталды.

Банкоматтан акча алып жаткан адам, ахивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлүк жаран Канттагы банкоматтан акча уурдады деп шектелүүдө
Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кечээ милиция кызматкерлери карактоого шектелген беш кишини колго түшүргөн. Кармалгандардын баары тең Ысык-Ата районунун жашоочулары болуп чыкты.

Шектүүлөр BMW X5 үлгүсүндөгү унаа менен бараткан жеринен кармалган. Машинанын ичинен травматикалык тапанча жана мылтык табылган.

Тергөө кармалгандардын бири мунай компаниясында иштегендиктен кылмышка дал ушул адам багыт берген деп эсептөөдө. Учурда шектүүлөр сурак берип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0