Өзгөндө унаалардын кагышуусунан бир адам каза болду

Жазылуу
Кырсыктан дагы үч адам жабыркаган. Алар жергиликтүү ооруканага жеткирилишти.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында эки жеңил унаа кагышып, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунун 15-чакырымында катталган. Мында Honda Jazz менен Honda Accord машиналары кагышкан. Каза болгон адамдан тышкары унаалардагы үч киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. 

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, алгачкы жардам көрсөтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0