Прокуратура: Токмоктогу аскер бөлүктө жумуштан айдалып кеткендерге айлык берилген

Жазылуу
Текшерүү учурунда жумуштан айдалып кеткен сегиз жоокерге 216 миң 500 сом маяна берилгени аныкталган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Токмоктогу аскер бөлүктө жумуштан айдалып кеткендерге айлык берилип келген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Башкы штабдын Токмоктогу №52806 аскер бөлүгүндө бухгалтердик текшерүү болуп, мыйзам бузуулар аныкталган. 

"2014-жылы №52806 аскер бөлүгү жоокерлерге аванс берүү үчүн 4 миллион 166 миң 136 сом алган. Анткен менен каражаттын 525 миң 12 сомунун гана дайыны чыгып, калган 3 миллион 641 миң 123 сом дайынсыз болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, 2014-жылдын 28-ноябрь күнү жумуштан айдалып кеткен сегиз жоокерге 216 миң 500 сом маяна катары берилген. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-беренеси (бюджеттин каражаттарды мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0