УКМК кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган куралчан адамдардын видеосун иликтөөгө алды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архивдик сүрөт
Автомат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роликтеги үч адамдын бири 2015-жылы Сирияга кеткен Аскербек Бакыбеков экенин күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар белгиледи.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик кызматы кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган куралчан адамдардын видеосун иликтөөгө алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Эске сала кетсек, Youtube каналына белгисиз куралчан адамдардын кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган видеосу жарыяланган. 

Сирия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык уюм: Сириядан баш-аягы болуп 6,5 миллион киши чыгып кетти
Рахат Сулайманов видео кайсыл жакта жана ким тарабынан тартылганы иликтенип башталганын кошумчалады. 

Ал эми күч түзүмдөрүндөгү өздүк булак роликтеги үч кишинин бири 2015-жылы Сирияга кеткен Аскербек Бакыбеков экенин билдирди. 

Анткен менен маалымат расмий тастыкталган жок. 

Бакыбеков баштаган бир топ террорчулар былтыркы жылы Россияга жихад жарыялап, ошондон кийин издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0