Жабырлануучунун энеси: кызымды коюп кеткенден кийин токтоп алып арак ичишкен

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Кулап калган жол белгиси, архивдик сүрөт
Кулап калган жол белгиси, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү 18 жаштагы кызды автоунаа уруп кеткен. Көргөндөр студентти койдуруп кеткендердин саны 9 киши болгондугун айтышты. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ишемби күнү Кой-Таш айылындагы жолдо кыргыз-россия славян Университетинин студенти, 18 жаштагы Алена Копинаны автоунаа койдуруп кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын апасы Елена Копина билдирди.

© Фото / Лола МавляноваИшемби күнү Кой-Таш айылындагы жолдо кыргыз-россия славян Университетинин студенти, 18 жаштагы Алена Копинаны автоунаа койдуруп кеткен
Ишемби күнү Кой-Таш айылындагы жолдо кыргыз-россия славян Университетинин студенти, 18 жаштагы Алена Копинаны автоунаа койдуруп кеткен - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ишемби күнү Кой-Таш айылындагы жолдо кыргыз-россия славян Университетинин студенти, 18 жаштагы Алена Копинаны автоунаа койдуруп кеткен
© Фото / Лола МавляноваОкуяны көргөндөрдүн айтымында, кызды койдуруп кеткен Volkswagen Passat автоунаасынын ичинде тогуз адам болгон. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти.
Окуяны көргөндөрдүн айтымында, кызды койдуруп кеткен Volkswagen Passat автоунаасынын ичинде тогуз адам болгон. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Окуяны көргөндөрдүн айтымында, кызды койдуруп кеткен Volkswagen Passat автоунаасынын ичинде тогуз адам болгон. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти.
1/2
Ишемби күнү Кой-Таш айылындагы жолдо кыргыз-россия славян Университетинин студенти, 18 жаштагы Алена Копинаны автоунаа койдуруп кеткен
2/2
Окуяны көргөндөрдүн айтымында, кызды койдуруп кеткен Volkswagen Passat автоунаасынын ичинде тогуз адам болгон. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти.

Окуяны көргөндөрдүн айтымында, кызды койдуруп кеткен Volkswagen Passat автоунаасынын ичинде тогуз адам болгон. Рулдагысынан тарта анын ичинде отургандарга чейин баары мас болчу дешти.

Арак кармап унаа айдап бараткан айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочунун сазайы берилеби? Депутаттардын демилгеси
"Кызым курбулары менен сүрөткө түшүп жүрүптүр. Күбөлөрдүн айтымында, ал кетейин деп камданып жолдун жээгинде турганда койдуруп кетишкен. Кызымды андан ары 15 метр жерге сүйрөп кетишиптир. Дагы Кудайга айтканым бар экен, жаны аман калыптыр. Дарыгер оң жактагы ийини сынып кеткендигин айтты. Кыязы, операция кылат окшойбуз. Алар кишини койдуруп кеткенден кийин да эшикке чыгып алып арак ичишиптир",— деп безилдеди кыздын апасы Елена Копина.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясы бул окуяны тастыктады.

"Учурда тергөөчү соттук-медициналык жана авто-техникалык экспертиза дайындады. Анын жыйынтыгы менен айдоочуга карата чара көрүлөт. Азырынча кылмыш иши жок. Учурда рулда отурган жаранга сыртка чыкпоо боюнча эскертүү берилди",— деп билдиришти Кайгуул милициясынан.

Бизге жеткен маалыматтарда кызды койдуруп кеткен жаран Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну. Калган маалыматтар такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0