Бишкектин борборунда Lexus менен Toyota сүзүшүп, үчөө жарадар болду

© Фото / Жумгалбек ОмуркановБорбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry катышуусунда болгон жол кырсыгы
Борбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry катышуусунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, жол тандабас каршы жолго чыгып кетип, маңдайда келе жаткан бар Toyota Camry машинасын сүзгөн.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry сүзүшүп, үч киши жарадар болду. Бул туурасында Кайгуул милициясынан билдиришти. 

Маңдай-тескей сүзүшкөн кырсыктан жабыркагандар ооруканага жеткирилди. 

© Фото / Жумгалбек ОмуркановБорбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry сүзүшүп, үч киши жарадар болду
Дорожно-транспортное происшествие с участием двух машин на улице Абдырахманова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Абдрахманов көчөсүндө Lexus менен Toyota Camry сүзүшүп, үч киши жарадар болду

Алдын ала маалыматтарга караганда жол тандабастын айдоочусу мас болуп, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.

"Рулда Токмоктун 34 жаштагы тургуну отурган. Күбөлөрдүн айтымында, Абдрахманов көчөсү менен кетип бара жатып, жолдун каршысына, автоунаалар келе жаткан жаткан тарапка чыгып кеткен. Анын кесепетинен маңдайда келе жаткан Toyota Camry менен бетме-бет сүзүшкөн. Жол тандабастын айдоочунун мас экендиги байкалган. Учурда анын ичкен-ичпегени текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Toyota Camry унаасынын ичинде эркек жана аял киши болгон. Экөө тең Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна жаткырылды. Кырсыкка кабылгандардын абалы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0