Токмок жолунда автоунаалар сүзүшүп, "Жигулинин" айдоочусу мерт кетти

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунааларынын архивдик сүрөтү
Тез жардам автоунааларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алгандар Токмок шаарынын ооруканасына жактырылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кечээ Токмок-Шамшы унаа жолунда "Жигули" менен "Ниссан Патрол" үлгүсүндөгү унаа бетме-бет сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу мерт кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары айдоочунун жанындагы үч жүргүнчү жаракат алган.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон айдоочунун денесин "Жигулиден" чыгарып, өлүкканага жеткирген. Ал эми жаракат алгандар Токмок шаарынын ооруканасына жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0