Милиция элпек "элдик жөнгө салгычты" кармады

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүВ зале заседания Верховного суда РФ
В зале заседания Верховного суда РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы бала элпек боло коём деп автокырсыктын жарылышына жагдай түзгөнүн милициядан кабарлады.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Тартип коргоочулар жол кыймылды жөнгө салган "элдик кызматкерди" кармады деп билдирди борбор калаанын милициясынан.

Маалыматка караганда, 19 жаштагы жигит Юнусалиев – Суеркулов көчөсүнүн кесилишинде өзү билип эле көчөдөгү автоунаа кыймылын жөнгө салып, жол кырсыгын жарата турган жагдай түзгөн.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын борборунда жай тургун кайтадан жол кыймылын тескеди
Кайгуул милициянын экипажы ал жигитти кармап, Октябрь райондун ички иштер бөлүмүнө алып келген. Маалыматтарда, бул жаранга административдик чаралар колдонулары айтылды.

Милиция эгерде шаардагы жол чырактар иштебей калса, жол кыймылын өзүм билемдик кылып жөнгө салууга болбой тургандыгын эскертет. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы мындай жагдайга күбө болгон шаардыктарга 102 номерине же Кайгуул милициясынын башкармалыгынын 0 (312) 53-01-81 и 0 (312) 53-22-33 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Буга чейин Бөкөнбаев — Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, да ушундай окуя кайталанып, жетип келген милиция автокыймылды жөнгө салган "элдик кызматкерди" издеп таппай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0