Бишкекте жети жашар кызды уурдоого аракет кылды делген киши кармалды

Жазылуу
Дордой-1 жаңы конушунун 35 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жети жашар кызы ойноп жүргөн кезде белгисиз бирөө күч колдонуу менен алып кеткенин айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте жети жашар кызды уурдоого аракет кылды деген шек менен Талас облусунун 40 жаштагы жараны кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди. 

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү делинген эки бүлөнүн үйү тинтилди
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Дордой-1 жаңы конушунун 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси жети жашар кызы ойноп жүргөн кезде аны белгисиз бирөө күч колдонуу менен алып кеткенин айткан. 

Окуядан көп өтпөй жоголгон кызды кошуналарды белгисиз бирөөнүн колунан бошотуп, ата-энесине өткөрүп беришкен. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 123-беренесинин 3-бөлүмү (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 40 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды. 

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0