Бишкекте аялды поезд коюп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алган жаракатынан улам ал окуя болгон жерден жан берген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Борбор калаа аркылуу өткөн темир жолдо аялды поезд коюп кеткенин Тез жардам кызматы билдирди.

"Жекшембиге караган түнү саат 3:45те Лев Лостой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер аялдын каза болгонун аныкташкан", — деп Тез жардам кызматынан маалымдашты.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы тепловоздун машинистинин көрсөтмөсүнө таянып, аял рельсте бир эркек менен арак ичип отургандыгын билдирди. Поезд келип какканда, ал 10 метрге чейин учуп кеткен, анын жанындагы киши изин жашырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0