Ошто кызга келген башка кыштактын баласын айылдаш жигиттер сабап өлтүргөн

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүСүйлөшүп турган кыз-жигиттин архивдик сүрөтү
Сүйлөшүп турган кыз-жигиттин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 18-24 жаштар чамасындагы беш улан кармалып, тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Оштун Араван районунда 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдирди. 

Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кантта өзүнөн 17 жаш улуу аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Алдын ала маалыматтар боюнча Араван районунун тургуну катуу соккулардан улам жан берген. Аталган факт боюна Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. 

Милициянын маалымдашынча, Кара-Жантак айылынын жашоочусу Чек-Абад айылындагы кыз менен сүйлөшүп жүргөнү таяк жеп, муну арты өлүм менен аяктаган. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалды. 

Аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 18-24 жаштар чамасындагы беш улан кармалып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0