Москвада мекендештерин тоноого шектелип Камчы Көлбаевдин балдары кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр 25 жаштагы кыргыз жаранынан 200 миң рубль талап кылышкан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Москвада мекендештерин тоноп жүргөн делген кыргыз балдар кармалганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Алай районунун 25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 31-август күнү белгисиз бирөөлөр курал менен коркутуп ВАЗ-2107 унаасына салып кетишкенин, коркутуп-үркүтүп 200 миң рубль талап кылганын айткан. 

"Кылмышкерлер жабырлануучуну ур-тепкиге алып, акчаны таап берүүгө 4 күн убакыт берген. Мындан сырткары, жанындагы 18 миң рубль акчасын, паспортун, 10 миң рубль турган саатын жана документтерин тартып алган. Алар өзүлөрүн мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин балдарды деп тааныштырган", — деп айтылат маалыматта. 

Зергер буюм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөөнүн 500 миң сомдук зер буюмун "шыпырып" кеткен аял кармалды
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 20-сентябрь күнү аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун 27, 36, 21 жана 23 жаштагы тургундары кармалды. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экени айтылууда. 

Бул факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 163-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0