"Манас" аэропортунун жанында жол кырсыгынан бир киши каза болду

Жазылуу
Аман калгандардын мас абалында болгону айтылууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү Бишкектен анча алыс эмес жерде бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганын укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

"Манас" аэропортунун жолунда Ак-Жол айылынын көпүрөсүнө жетпей Honda Accord унаасы кырсыкка учураган. Ичиндеги бир эркек киши каза болуп, экөө ооруканага жаткырылды", — деп кабарлашты милициядан.

Кырсык болжол менен түнкү саат 11.00дө болгон. Аман калгандардын мас абалында экени, ал эми каза болгон жара болжол менен 40 жашта экени айтылууда. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0