УКМК: Бишкекте колго жасалган жардыруучу түзүлүш табылды

© Sputnik / Вячеслав Прокофьев / Медиабанкка өтүүСапер. Архив
Сапер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймак элдин коопсуздугу үчүн курчоого алынган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкектин Махатма Ганди менен Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде кара полиэтилен баштыкка салынган жардыруучу түзүлүш зыянсыздандырылганын УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, дүкөндүн жанындагы шектүү пакеттер тууралуу билдирүү кечээ, 20-сентябрь күнү саат 21.30да түшкөн. Аталган дарек боюнча келген УКМКнын ыкчам тобу баштыктын ичиндеги жардыруучу түзүлүш бар экенин аныктап, коопсуздук үчүн аймактан жашоочулар чыгарылган.

"Табылган жардыруучу заттар колго жасалган. Аларды саперлор зыянсыздандырып, экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0