Өзбекстандын жараны Россияга жарым центнер назвай алып кирүүгө аракеттенген

© Sputnik / Данияр СандыбаевНасвай сатуу. Архив
Насвай сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы Өзбекстандын жараны Казакстандын чек арасынан кармалган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Казакстандын чек арачылары жүргүнчү ташыган поезддин вагондорунун биринен жарым центнер насвай табышканын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

"Ташкент — Ургенч — Саратов багыты боюнча бараткан поездди казак чек арачылары "Бейнеу" темир жол көзөмөл өткөрүү пунктунан токтотуп, вагондордун биринин шыбынан жалпы салмагы 55 килограмм болгон насвай табышты", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Өзбекстандын 33 жаштагы жараны кармалды.

Август айында дагы Ташкент — Саратов багыты боюнча бараткан поездден 70 килограмм насвай кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0