Чолпон-Атадагы селден жабыркаган кафеде өрт чыкты

Жазылуу
Жалын эки сааттан кийин өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы кафеде өрт чыккандыгы тууралуу жергиликтүү тургун Аман Баякунов билдирди. 

"Мен борбордук трасса аркылуу кетип бараткам. Бир маалда "Сказки Востока" деген кафенин өрттөнүп жатканын көрдүм. Ушул эле кафени буга чейин сел суусу каптаган эле", — деп билдирди Баякунов. 

Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри Алмаз Байгазиев өрттөн жабыркагандар жок экенин маалымдады. Анын айтымында, өрт эртең менен саат 6.00дө чыкса, 8.20ларда өчүрүлгөн. 

Ал кафе буга чейин селден жабыркаганын ырастады. 

Учурда милиция менен өрт коопсуздук кызматы тилсиз жоонун себептерин аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0