Токтогулдун жашоочуларынын үйүнөн аюунун эти менен териси табылды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбар жоголуп бараткан түргө кирип, ага аңчылык кылууга тыюу салынган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Токтогул районунун Жаңы-Жер жайлоосунда жергиликтүү эки тургундун үйүнөн аюунун эти менен териси табылганын Экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган инспекциянын адистери милиция кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүп, натыйжада аюунун мыйзамсыз атылышы аныкталган.

Жалал-Абадда күрөң аюунун териси менен бир жаран кармалды
Билдирүүдө аталган жайлоонун жанында Алатай мамлекеттик коругу жайгашканы айтылат. Объект мамлекеттик коргоого алынган. Бул аймакта жаныбарларга капкан коюп, аңчылык кылууга тыюу салынат.

Өкмөттүн "Жаныбарлар туурасында" токтомуна ылайык, мыйзамсыз аракеттен мамлекетке 400 миң сомдук зыян келтирилген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Аюунун бул түрү Кызыл китепке киргизилип, жоголуп бараткан жаныбарларга кирет. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда мындай аюунун саны 300гө чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0