Бишкекте ажаткана үчүн казылган аңга ымыркай түшүп кетип каза болду

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя 7-сентябрь күнү саат төрттөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда ажаткана үчүн казылган чуңкурга бир жашар бала түшүп кетип каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 7-сентябрь күнү саат 16:00дөр чамасында болгон. 

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жаш баланын сөөгүн чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0