Күбө Орто-Сай базары жакта өрттөнүп жаткан автоунаанын видеосун чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны өрт өчүрүүчүлөр өчүргөн, жабыр тарткандар жок.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн, 8-сентябрда саат 5.30дарда Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүндө автоунаа күйгөнү түшүрүлгөн видеону окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу салды.

ӨКМден маалымдашкандай өрт тууралуу билдирүү таңкы саат 5.31де келип түшкөн. Мында Юнусалиев көчөсүндөгү №18 үйдүн жанындагы Mazda-323 үлгүсүндөгү автоунаа күйгөн.

Саат 5.47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымдарындагы чыңалуудан чыккан. Жабыр тарткандар жок.

Эгер кандайдыр бир окуяларга туш болуп калсаңыз биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибиз аркылуу жибериңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0