Жети-Өгүздө сел жүрүп тургундар суусуз калды

Жазылуу
Айылдын 11-12-чакырымында жайгашкан унаа жолдогу көпүрө дагы кооптуулук жаратууда.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Катуу жааган жаандан улам Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая поляна айыл аймагындагы Шор-Булак коктусунда сел жүргөндүгү тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, селдин айынан Шор-Булак жайлоосуна баруучу жолдун бир чакырым аралыгы жуулуп кеткен.

"Муну менен катар таза суу түтүгү дагы бузулуп, Чоң-Кызыл-Суу айылында жашаган 130 кожолук таза суусуз калды. Эми тургундар ичүүчү сууну дарыядан ташып жатышат", — деп айтылат маалыматта. 

Айылдагы 11-12-чакырымында жайгашкан унаа жолдогу көпүрө дагы авариялык абалга келген. Аны оңдоо иштерин №35 жол тейлөө ишканасы жүргүзөт. 

Учурда элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлүп тиешелүү документтер даярдалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0