Чүйдө жер титиреди

Жазылуу
Силкинүү борбор калаанын түштүк-батыш тарабында болгон.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Чүй облусунда жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.49да катталган. Анын күчү 12 баалдык шкала боюнча 3 баллды түздү.

Жер титирөөнүн очогу Панфилов айылынан түштүк-батышты карай 3, Орто-Арык айылынан 6, Кара-Балта шаарынан 20 жана Бишкектен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0