Токмокто канализациянын газына ууланып бир киши каза болду

Жазылуу
Кырсыктан дагы эки кызматкердин жабыркаганы айтылууда.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Токмок шаарында "Токмоксууканал" ишканасынын аймагында канализация кудугун оңдоп жаткан үч кызматкердин бири газга ууланып каза болсо, экөө ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-сентябрда саат 10.30да болгон. Аталган ишкананын үч кызматкери канализацияны оңдоого чыккан. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам дарыгерлери Токмок шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0