Ысык-Көл менен Ошто жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошто силкинүү кечки саат тогузда сезилди. Ал эми экинчи жер титирөө түн ичинде Ысык-Көл облусунда катталды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда төрт саатын ичинде эки ирет жер титирегенин ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20.55те күчү 3,5 баллга жеткен силкинүү Ош облусунун Алай тоо кыркаларында катталган. Ал эми ишембиге караган түнү саат 00.43тө Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 95 чакырым алыстыктагы аймакта дагы жер титиреди. Силкинүүнүн очогу Какшаал-Тоодо жайгашкан. 

Эки учурда тең жабырлануучулар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0