Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында бир киши атынып алды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТапанча жана ок. Архив
Тапанча жана ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү жалпысынан 24 кылмыш жана кырсык катталган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 31-август Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарынын тургуну пневматикалык мылтыгын тазалап жатып, өзүн атып алган. Ал Ош шаардык ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында жалпысынан 24 кылмыш жана кырсык катталган.

"Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 50 жаштагы тургуну өз үйүндө пневматикалык, 4.5 мм Түркия өндүрүшүнөн чыккан "Хатсан" үлгүсүндөгү мылтыгын тазалап жатып, кокусунан өзүн атып алган. Ал Ош шаардык ооруканасына жеткирилгенден кийин каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде мал жайып жүрүп жоголгон баланын сөөгү табылды
Милиция ошондой эле майрам учурунда укук бузууларга жол берилбегенин белгилейт.

Бүгүн, 1-сентябрда билим күнүнө карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы 70 мектепте коопсуздугун камсыздоодо. Ар бир мектепке, окуучуларынын санына жараша экиден кем эмес милиция кызматкерлери бөлүштүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0