Баткенде мал жайып жүрүп жоголгон баланын сөөгү табылды

Жазылуу
Маркумдун денеси ата-энесине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Баткен облусундагы Актатыр айылында мал жайып жүрүп жоголуп кеткен баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Өткөн жылы жоголуп кеткен чек ара кызматкери Бексултан Бааридинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арачынын жоголгонуна бир жыл толду. Издөө иштеринин жыйынтыгы
Эске салсак, окуя "Геревшин" жайлоосунун Аксуу тилкесинде болгон. Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда үч бир тууган мал жайып жүрүп, аларды караганы үчөө үч тарапка бөлүнүшкөн. Балдардын бирөө кайрылып келген эмес. Эки бир тууган инисин издеп таба албай айылдагы урук-туугандарына билдиришкен. Эртеси туугандары менен бирге издөөдөн да майнап чыкпагандыктан, жергиликтүү бийликке кайрылышкан

"Жайлоодон жоголуп кеткен 23 жаштагы баланын денеси 30-август күнү табылды", — деп айтылат маалыматта. 

Маркумдун денеси ата-энесине өткөрүлүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0