Кытай ТИМи: Кыргызстандагы элчиликте болгон жарылууну бир да уюм мойнуна ала элек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКытайдын Бишкектеги элчилигине болгон кол салуу
Кытайдын Бишкектеги элчилигине болгон кол салуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү кыргыз тарап менен иштеп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кытайдын Бишкектеги элчилигине болгон кол салууну азырынча бир дагы уюм өзүнө ала электигин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин РИА Новости маалымдады. 

Белгилей кетсек, 30-августта эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болуп, жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен. Анын кесепетинен жан кечти каза болуп, дагы үч киши жаракат алган. КР вице-премьери Жеңиш Разаков болгон окуяны теракт деп атады.  

"Кол салуу бүгүн эртең менен болду. Азырынча бул аракеттерди эч ким мойнуна ала элек. Биз кыргыз тарап менен байланышып, алардан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү бардык чаралардын көрүлүшүн талап кылып, окуянын чоо-жайын иликтөөнү сурандык", — деп ал маалымат жыйында билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чуньин кыргыз тарап менен иштеп жатканын жана тергөөнүн жүрүшү боюнча аларды кабардар кылып турууну да өтүнгөнүн кошумчалады.

Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийинки абалын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0