Бишкекте 38 жаштагы аялдын үйүнөн 5 кг нашаа табылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБаңги зат. Архив
Баңги зат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү жаран баңгизатты 49 ширеңкенин кутусуна салып алган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Тинтүү учурунда Бишкек шаарынын тургунун үйүнөн 5 килограмм 30 грамм нашаа табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди.

Казак чек арачылары КР жаранынын жасалма бутунан баңгизат алып чыкты - Sputnik Кыргызстан
Казак чек арачылары КР жаранынын жасалма бутунан баңгизат алып чыкты
Үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү күч органдарына Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жай тургун баңгизат даярдап жүргөнү тууралуу кабар түшкөн.

Аталган маалыматтын негизинде Кара-Жыгач конушунун 38 жаштагы тургунун үйү тинтүүгө алынып, 49 ширеңкенин кутусуна салынган нашаа табылган. Алардын жалпы салмагы 5 килограмм 30 граммды түзөт.

Аталган факт боюнча тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0