Москвадагы өрт: мекендешибиз ишке кечигип келип, ажалдан аман калган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүӨрт кызматкери. Архив
Өрт кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубатбек андан эрте келгендер өрттү көрбөй калып, имаратка кирип кетишкендигин, ал эми жалын заматта күчөп, шахтанын лифти менен башка кабаттарды каптагандыгын айтты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктардын өмүрүн алган басмаканадагы өрттүн келип чыгышы тууралуу аталган басмакананын кызматкери Кубатбек Камчиев айтып берди.

Ал каза болгондорго караганда ишке кечирээк келип, ажалдан аман калыптыр.

"Жумушка таңкы саат сегизге жакын келсем, өрттөнүп жатыптыр. Ал эми менден бир аз эрте келгендер өрттү көрбөй калып, имаратка кирип кетишиптир. Жалын заматта күчөп, шахтанын лифти менен башка кабаттарга кирип кетти", — деди Камчиев.

Россия ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын өмүрүн алган өрттүн чоо-жайын өрт өчүрүүчү Илья Денисов айтып берди
Ал башка кыргыздардай болуп эле өрттө калып калгандарды куткарууга аракет кылган.

"Биз шатынын жардамы менен төртүнчү кабатка чыктык. Түтүндөн улам көздөн жаш чыгып, эч нерсе көрүнбөйт. Араңдан зорго бир аялды шаты менен жерге түшүрдүк. Аңгыча өрт өчүрүүчүлөр келип шатыны алдырып салды", — деди ал.

Эске сала кетсек, Москва шаарынын Алтуфьевское шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыккан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жалын чулгаган имараттын ичинде кеминде 17ге чукул киши калып калган. Алардын арасында жаш улан-кыздар жана кош бойлуу келин калып кеткендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0