Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор катталган эмес.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бүгүн, 26-августта саат 11:45те кыргыз-тажик чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ кабарлады.

Италиядагы жер титирөөнүн кесепети - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Италиядагы зилзаладан КР жарандары жабыркаган эмес
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына караганда силкинүүнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Алай тоо кыркасында, Бар-Дөбө айылынан түштүктү карай 25 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты карай 25 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан. 

Жер титирөөнүн күчү Бар-Дөбө, Нура, Кара-Киндик айыл аймагында 2 баллга жетти. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0