Кара-Көлдө 9 жаштагы кыз сууга агып кетти

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖээк. Архив
Жээк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеткинчек кыздын жансыз денесин суудан айылдын тургундары чыгарып беришкен.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында тогуз жаштагы кыз сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-август күнү саат 12.15те болгон. Жеткинчек Кара-Суу суусуна түшүп кеткен. 

Окуя болгон жерге куткаруучулар барганга чейин айыл тургундары кыздын жансыз денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0