Кыргызстандан уурдалган жылкылар Казакстандан табылды

© Фото / пресс-служба МВД КРУурдалган жылкы. Архив
Уурдалган жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер органдарынын биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде уурдалган жылкылар ээлерине кайтарылып берилди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын милициясы менен Казакстандын полиция кызматкерлери жылкы уурдоого шектелгендерди кармашкандыгы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Ысык-Көл облусунан жоголгон төрт жылкы Алматы облусуна караштуу Райымбек районунун аймагынан табылган. Уурулар арам оюн Ак-Суу, Түп райондору менен Каракол шаарында ишке ашырышкан. Алар жылкыларды чек ара аймактарына жакын жайгашкан аймактарга барып сатып турушкан. 

"Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктады. Кечээ жылкыларды уурдоого шектелип Ак-Суу жана Түп райондорунун эки тургуну кармалды. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш жасоого катыштыгы бар делген топтун башка мүчөлөрү изделип жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Казакстандан табылган малдын баары ээлерине кайтарылып берилди. Каракол шаарынан июнь айында уурдалган жылкы кымбат баалуу жорго экени белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0