ИИМ өлкө аралык издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар жасалма документ жасоого, уурулукка жана таяктоого шектелип жатышат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россиянын соту менен тергөө иштеринен качып жүргөн үч кыргызстандык жаран кармалгандыгы тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандардын бири жасалма документтерди жасоого шектелсе, экинчиси уурулук, үчүнчүсү таяктоо боюнча айыпталып жатат.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0