Беш ирет соттолгон чөнтөкчү эми уюлдук телефон уурдады деп шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовЧөнтөктөн акча уурдап жаткан адам. Архив
Чөнтөктөн акча уурдап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү жакында эле кезектеги жазасын өтөп, эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Беш жолу соттолгон чөнтөкчү кайрадан уюлдук телефондорду уурдады делип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылып, 16-август күнү саат 09:30да №286 маршруттук таксиден белгисиз бирөөлөр уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан. 

Окуядан көп өтпөй жабырлануучунун берген көрсөтмөсүнө ылайык буга чейин соттолгон Кочкор районунун 29 жаштагы тургуну кармалган.

"Аталган жаран буга чейин уурулук фактысы менен беш ирет соттолуп, жакында эле эркиндикке чыккан", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ал эми буга чейин да бир нече адам маршруттук таксиден уюлдук телефондорун уурдатып алгандыгын айтышып, милицияга кайрылган. 

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0