БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолунда жол кырсыгына кабылган унаадан өрт чыгып, үч жүргүнчү күйүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 15.07де Таш-Көмүр шаарында Бишкектен бара жаткан Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа тосмону сүзүп алган. Мындан улам өрт чыгып, машинадагы адоочу менен эки жүргүнчүдөн тышкары дагы бир 49 жаштагя аял Таш-Көмүр шаардык ооруканасында каза тапкан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаадан адамдардын жансыз денелерин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.