Боомдо джип менен кагыша кеткен микроавтобус оодарылып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек-Ысык-көл унаа жолу. Архив
Бишкек-Ысык-көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча кырсык эки айдоочу жол талаша кеткенинен улам болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Боом капчыгайында Mercedes Benz Sprinter менен Toyota Highlander унаасы кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки машина тең Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жатып, жол талаша кеткен. Микроавтобус джиптин капталын сүрүп барып, эки тилкени бөлүп турган тосмодон ары оодарылып кеткен.

Бустун ичинде канча адам жабыркаганы азырынча белгисиз, окуя болгон жерде иликтөө тобу иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жок. Ал эми джиптин ичиндеги үч адам эч кандай жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0