БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош шаарында эки жаштагы бала каналга агып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 22-август күнү саат 10.30да болгон. Кичинекей эркек бала үйдүн артындагы "Увам" каналына түшүп кетти деген билдирүүдөн соң куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан.
Азырынча издөө иштери эч кандай жыйынтык бере элек.