Москвадагы көчө шыпыргычтардын массалык урушунда бир адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы көчө шыпыргыч. Архив
Москвадагы көчө шыпыргыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары массалык мушташка Орто Азиядан келген жумушчулар катышканын жазып чыккан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Москвадагы көчө шыпыргычтардын урушунан бир адам каза болду. Бул тууралуу Россиянын ИИМне таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Полициянын берген маалыматына ылайык, каргашалуу окуя Москванын түндүгүндөгү Головинск көчөсүндө жайгашкан жатаканада болгон.

"Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери мушташуу спирт ичимдигинин айынан чыккандыгын тактаган. Анда түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып, 38 жаштагы механизатор каза болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы кыргызстандыктардын үйлөнүү тоюндагы атышуунун чоо-жайы
Учурда аталган кылмышка шектүү катары 31 жаштагы эки киши кармалган. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары урушка Орто Азиядан келген 40ка чукул адам катышканын жазып чыгышкан. 

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги массалык түрдө мушташууга кыргызстандыктардын бар-жогу такталып жатканын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча мында кыргыз жарандары жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0