Жалал-Абадда май куйуучу жайдын кызматкери топуракка батып бутун күйгүзүп алган

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад шаарында май куйуучу жайдын тегерегиндеги топурак
Жалал-Абад шаарында май куйуучу жайдын тегерегиндеги топурак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакты текшерүү учурунда узундугу 2 метр туурасы 1,2 метр болгон, асты бош кызыл түстүү топурактуу жер экендигин аныктаган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында май куйуучу жайдын тегерегиндеги топуракка батып кеткен кызматкер бутун күйгүзүп алган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-август күнү Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү "Ауирдин" май куйуучу жайдын кызматкери аталган жайдын күн батыш тарабында башка түстөгү топуракты басып алган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБутун күйгүзүп алган киши
Пострадавший мужчина, провалившийся в песок возле автозаправочной станции - Sputnik Кыргызстан
Бутун күйгүзүп алган киши

Топурак абдан ысык болгондуктан кызматкердин оң буту тизесине чейин, сол буту багалегине чейин күйүп калган. 

Учкун кичи районунда турак үй өрттөнүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Күбө: "Учкун" кичи районунда турак үй өрттөнүп жатат
Жабырлануучу 15-август күнү Жалал-Абад шаардык мериясына арыз менен кайрылган. Эртеси күнү шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы аталган жайды текшерүү учурунда узундугу 2 метр, туурасы 1,2 метр болгон, асты бош кызыл түстүү топурактуу жер экенин аныктаган. 

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы аталган аймакты королоо боюнча жер ээсине тапшырма берди. 

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин Жалал-Абад аймагы боюнча башкармалыгынын адистери аталган жердеги топуракты экспертизага жөнөтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0