Күбө: "Учкун" кичи районунда турак үй өрттөнүп жатат

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Учкун" кичи районунда турак үй өрттөнүп жатат
Учкун кичи районунда турак үй өрттөнүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 8.01 чамасында үч өрт өчүрүүчү унаалар кырсык болгон жерге жетип барган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Учкун" кичи районунда турак үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу окурман WhatsApp-канал аркылуу билдирди. 

"Учкунда" өрт чыкты. Батир күйүп жаткандай", — деп билдирди окурман. 

Ал эми ӨКМ аталган кичи райондо өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу бүгүн эртең менен саат 8.00 чамасында билдирме келип түшкөнүн ырастады.

Саат 8.01 чамасында үч өрт өчүрүүчү унаа кырсык болгон жерге барган. 

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуПожар в многоэтажном доме в микрорайоне "Учкун"
Пожар в многоэтажном доме  в микрорайоне Учкун - Sputnik Кыргызстан
Пожар в многоэтажном доме в микрорайоне "Учкун"

ӨКМдин өкүлү Нурдан Ташмамбетовдун айтымында, №14 үйдүн 8-кабатындагы үйдөн өрт чыгып, анын бөлмөсү менен балкону күйгөн. 

"Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, кырсыктан жабыркагандар болгон жок", — деди ал.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.


Жаңылыктар түрмөгү
0