Башкы прокуратура милиционер менен экс-прокурорду кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын башкы прокуратурасы. Архив
Кыргызстандын башкы прокуратурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкери май айында кармалган. Ал эми көзөмөл органынын мурдагы кызматкери эки күн мурун колго түштү.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын кызматкери менен мурдагы прокурор кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Россиянын полиция унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Россияда экстремисттер кармалды, алардын ичинде кыргызстандыктар бар
Ведомствонун берген маалыматына караганда үстүбүздөгү жылдын 19-майында кызматтык мүмкүнчүлүгүн аша чаап колдонуу жана акча талап кылуу фактылары боюнча укук коргоо кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. 

Милиция кызматкери 27-майда кармалса, Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери 14-августта кармалды. 

Прокуратура кылмыш иштин ийне-жибине чейин маалымдаган билдирме таркаткан жок. Ал эми ведомствонун маалымат кызматы кармалгандардын экөө тең соттун чечими менен камакка алынганын ырастады. 

Башкы прокуратура кылмышка шектүүлөрдүн калгандарын издөө улантылып жатканын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0