Чолпон-Атадагы катуу нөшөр чоң жол менен турак жайларды каптады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЖаан-чачын. Архив
Жаан-чачын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаандан улам суу Чолпон-Ата шаарындагы банк, дүкөн, кафелердин имаратын каптап кетти.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында катуу нөшөрдөн улам суу борбордук көчөлөр менен шаардын ойдуңундагы имараттарды каптап кеткенин Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

​Анын айтымында, жаан-чачын саат 11лерде башталып, бир саат бою тынбай куйган. Учурда шаарда нөшөрдөн кийинки тазалоо иштери жүрүп жатат. Ага өрт өчүрүү кызматы, милиция, мэрия, ӨКМ жана жергиликтүү тургундар тартылган.

"Суу арыктардан ташып кетти. Анын үстүнө ирригациялык система өз убагында тазаланган эмес", — деди аким.

Мындан тышкары, шаардын ойдуңундагы дүкөн, кафе, банк имараттары менен турак жайлар да суу алдында калган. 

​ӨКМдин маалыматы боюнча саат 12де суу Чолпон-Атанын Тогуз-Булак тилкесиндеги беш үйдүн короо-жайын каптаган. Учурда тазалоо иштерине суу сордуруучу техника менен экскаватор тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0