Ок-дары алып Казакстанга бараткан жаран чек арадан колго түштү

© пресс-служба ГПС КРАлынган ок-дары
Алынган ок-дары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалган адам ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра-автожол" өткөрмө пунктунан кыргызстандык жаран ок-дары алып Казакстанга өтүп бараткан жеринен кармалганын Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, унаасынын ичиндеги сумканы текшере келгенде ичинен ЛПС 7,62 калибрдүү 10 даана ок чапталган мылтык жези жана ТОЗ-8 майда калибрлүү мылтыгынын 59 даана огу табылган. 

Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалган адам жана ок-дары ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0